Россияда Rossgram аттуу жаңы социалдык тармак иштеп баштады

Россияда Rossgram аттуу жаңы социалдык тармак иштеп баштады. Жаңы соцтармакты дүйшөмбүдөн тарта ММКлар, өнөктөштөр жана инвесторлор колдоно баштаса, кийинчерээк ал блогерлер менен жөнөкөй колдонуучуларга дагы жеткиликтүү болот.   Rossgram’да сүйлөшүү, блог жүргүзүү, бизнес кылуу, жаңылыктарды жарыялоо жана өз долбоорун түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралат.  … Кененирээк…

Таласта 31-мартта жылуулук сезону жыйынтыкталат

Таласта 31-мартта жылуулук сезону жыйынтыкталат. Бул тууралуу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчиси Ильяз Алибеков билдирди. Анын айтымында, тиешелүү кат мэрияга жөнөтүлдү.   Муниципалитет буйрук чыгарары менен шаардагы социалдык объектилерде жана турак-жайларда жылуулук берүү токтотулат.

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн атайын колдонмолор жеткиликтүү

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн атайын колдонмолор жеткиликтүү. Алар тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   «Каттоодон өткөндөн кийин ар бир абитуриент тестке даярданыш үчүн атайын акысыз китепчелерди алышат. 370 сомдун ичине кирген китепченин ичинде тесттин эрежелери, тапшырмалардын… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы 30-апрелге чейин жарыяланат

Жергиликтүү кеңеш шайлоосунун жыйынтыгы 30-апрелге чейин жарыяланат.   БШК маалыматына ылайык, ага чейин аймактык шайлоо тилкелеринин отурумдары өткөрүлүп, протоколдор түзүлүп, добуш берүүгө келген жарандардын тизмеси илинет.   Эске салсак, 10-апрелде Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү кеңештерди шайлоо өтөт.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн дыйкандары дизелдик отун менен 72 пайызга камсыздалды

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн дыйкандары дизелдик отун менен 72 пайызга камсыздалды. Айыл-чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, жалпысынан жазгы талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүгө 40,5 миң тонна күйүүчү май талап кылынат.   Республикалык бюджеттен кошумча 5 миң тонна дизель сатып алууга каражат бөлүндү. Өлкөдө күйүүчү… Кененирээк…

Октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда

Октябрдан баштап пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди. Анын айтымында, ушул жылдан тарта пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча министрлер кабинетинин токтому чыккан. Белгилеп кетсек, январга карата пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 100… Кененирээк…

Ордо калаада брусчаткаларды жаңыртуу иштери жүрүүдө

Ордо калаада брусчаткаларды жаңыртуу иштери жүрүүдө. “Тазалык” ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөттү. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Ак үйдүн айланасында, Чүй проспектисинин түндүк тарабындагы Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин брусчаткаларды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Жакында Турсунбаева, Достук гүл бакчасында, өкмөт үйүнүн жана Ленин… Кененирээк…

Бишкекте апта аягына чейин жылуулукту өчүрүү пландалууда

Бишкекте апта аягына чейин жылуулукту өчүрүү пландалууда. Буйрукка кол коюла элек, бирок бул маселе мэрияда каралып жатат. Белгилеп кетсек, шаарда жылуулук 5 күн катары менен орточо суткалык абанын температурасы плюс 8 градуста өчүрүлөт. Синоптиктердин маалыматына караганда, 31-марттан тарта Бишкекте аба ырайынын кескин жылышы күтүлөт. Ал… Кененирээк…

Нарында 5 чакырым ички ирригациялык тутумдар оңдолот

Нарында 5 чакырым ички ирригациялык тутумдар оңдолот. Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, аймакка декаративдик жашыл арчанын жана көк карагайдын жүздөгөн көчөттөрү отургузулат. Учурда аларды шаар аймагына тигүүгө орундуктар казылып, даярдалууда. Отургузулган көчөттөргө сугат суу жеткирүү үчүн ички арыктар оңдолот.

Кыргызстанда пенсия 50 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстанда пенсия 50 пайызга чейин көбөйүшү мүмкүн. Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Теңизбек Абжапаров билдиргендей, тиешелүү токтом былтыр кабыл алынган. Ага алыйык, алдын ала эсептөөлөр боюнча, пенсия октябрдан тарта 1 миң 800 сомго көбөйүшү күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, 1-январга карата өлкөдө 713 миң пенсионер катталган. Бул… Кененирээк…