Кыргызстан АКШ жана шенген визасы бар туристтер үчүн визасыз режим ачышы мүмкүн

Кыргызстан АКШ жана шенген визасы бар туристтер үчүн визасыз режим ачышы мүмкүн.

Тиешелүү тапшырма Тышкы иштер министрлигине берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле, туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн материалдарды, техникаларды, жабдууларды ташып кирүүдө бажы алымдарынан жана салыктарынан бошотуу мүмкүнчулүгү каралмай болду.