Өлкөдө 4 миңден ашуун дыйкан жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыя алышты.
Каржы министрлигине караштуу каржы-кредиттик фонддун маалыматына караганда, долбоордун алкагында коммерциялык пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн бюджетте 520 миллион сом каралган.
Ага 7 коммерциялык банк катышууда.
Бүгүнкү күндө алар 2 миллиард сомду 4 миң дээрлик 170 дыйкан үчүн жайгаштырышты.
Белгилеп кетсек, быйыл биринчи жолу пайыздык үстөк жылдык 10 пайыздан 6 пайызга төмөндөтүлдү.