“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы август айында толук ишке кирет

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы август айында толук ишке кирет.

Бизге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын алкагында өлкө боюнча жалпысынан 300дөн ашык камера орнотулат.

Маалыматка ылайык, аппараттар азыркы тапта тесттик режимде иштеп жатат.

Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашыруу күтүлүүдө.

Муну менен жол эрежелерин көзөмөлдөгөн камералардын саны кыйла көбөйөт.

Эске салсак, долбоордун 1-этабында өлкө боюнча 110 аппараттык комплекс орнотулган.