Сузак районундагы Барпы айылында 500 орунду жаңы мектептин курулушу башталды

Сузак районундагы Барпы айылында 500 орунду жаңы мектептин курулушу башталды.

Бул тууралуу бизге аталган райондун акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесин эл аралык уюм каржылоодо.

Белгилеп кетсек, аймактагы буга чейинки 200 орундуу мекетепке окуучулар батпай калган.