Кыргызстандын айыл чарба ишканалары Өзбекстанга азык экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту

Кыргызстандын айыл чарба ишканалары Өзбекстанга мөмө-жемиш, эт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту. Анын ичинде дээрлик 2 миң тонна алма жана 100 тонна жаңгак менен мисте жеткирүү боюнча келишимдер бар. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, жогорудагы макулдашууга элчиликтин жардамы менен Ташкентте өткөн Борбор… Кененирээк…

12 жылдык билим берүүгө өтүү кошумча каражатты талап кылбайт

12 жылдык билим берүүгө өтүү кошумча каражатты талап кылбайт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, бул боюнча азыркы бюджеттин чегинде модель иштелип жатат. Эске салсак, Кыргызстанда эми балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет. Анын алкагында, өлкөдө мектептер 12… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча мамлекеттик банктардын бирине 1 млрд 800 млн сом бөлүндү

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча мамлекеттик банктардын бирине 1  миллиард 800 миллион сом бөлүндү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жалпы сумманын 50 пайызы мал чарбачылыгына, 25 пайыздан кем эмес бөлүгү — өсүмдүк өстүрүүчүлүккө, дагы 25 пайызы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына берилет.

Ысык-Көлдө 1000 мегаваттык күн электр станциясы курулат

Ысык-Көлдө 1000 мегаваттык күн электр станциясы курулат. Кытайлык эки компания менен инвестициялык макулдашууга бүгүн кол коюлганын Энергетика министрлигинен билдиришти. Ошондой эле аталган облуста 260 мегаваттык ГЭС куруу боюнча дагы бир меморандумга кол коюлду. Бирок жогорудагы иштер качан башталаары азырынча белгисиз.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүүдө

Талас облусунун Кара-Буура районундагы “Семетей” кинотеатры капиталдык оңдоодон өтүүдө. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, ремонт иштерине облусту өнүктүрүү фонду тарабынан 10 миллион сом бөлүндү. Белгилеп кетсек, аталган кинотеатрдын имараты 1980-жылы курулган. Буга чейин ондоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Кыргызстанда балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет

Кыргызстанда балдар 6 жашынан тарта 1-класска барууга милденттендирилет. Бул тууралуу бизге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Анын алкагында, 0-класс жоюлуп, мектептеги билим берүү 1-класстан башталат. Ал эми 2-классты балдар 1-класстын программасы менен баштайт. Мындай өзгөртүүлөр кийинки жылдан… Кененирээк…

Кыргызстанда тендерлер жоюлмай болду

Кыргызстанда тендерлер жоюлмай болду. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын өзгөрткөн мыйзам долбоору кабыл алынды. Ага ылайык, өкмөт мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга бир булактан сатып алууга жол берип, тендер өткөрүүдөн бошото турган болду. Белгилеп кетсек, «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамга ушуну менен он экинчи жолу… Кененирээк…

Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого быйыл 26 млрд сом бөлүндү

Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого быйыл 26 миллиард сом бөлүндү. Каржы министрлигинен маалым болгондой, каражаттын 1,5 миллиарды үрөн сатып алууга, 975 миллион сому жер семирткичтерге, 2 миллиондон ашыгы дизель майын, кант жана өсүмдүк майын сатып алууга, 1 миллиард 400 миллион сому оңдоп-түзөө иштерине жана ирригациялык тармактарды… Кененирээк…

Кыргызстандагы энергетикалык реформаларга 14 миллиард доллар керектелет

Кыргызстандагы энергетикалык реформаларга 14 миллиард доллар керектелет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн “Энергетика тармагын трансформациялоо” форумунда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 70 пайызга жакыны ишке ашпай калууда. Маселени чечүү үчүн министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 гигаваттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот – сурамжылоо

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот – ал тайпалардын ичинде сурамжылоо жүргүзүүгө шарт түзөт. Аларда жооптордун 12 вариантын кошууга мүмкүн болот.   Ошондой эле, алардын жайгашкан ордун алмаштырып турууга мүмкүн. Учурда жаңычылдык iOS системасынын колдонуучуларында жеткиликтүү. Ал жалпы колдонууга качан чыгарылат – белгисиз.