Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлеринин маянасы 25 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлеринин маянасы 25 пайызга көтөрүлөт.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, айлык энергокомпаниялардын биригишинен улам жогорулайт.

Ошол эле учурда кызматкерлерди кыскартуу күтүлбөйт.

Эске салсак, Кыргызстанда энергетикалык компаниялар эки чоң ишканага бириктирилет.

Мындай реформа менен 1 миллиард сом үнөмдөлөт, — деп айтылат маалыматта.