Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча контролдук кыдыруу узартылды

Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча контролдук кыдыруу узартылды.

Министрлер кабинетинен билдиршкендей, өнөктүк 23-апрелден 2-майга чейин уланат.

Тагыраагы, ошол күндөрү алыскы аймактарда калкты жана турак жай фондун каттоо өткөрүлөт.

Муну менен бирге биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калгандар үчүн контролдук каттоо жүргүзүлөт.

Кошумчаласак, 1216 номери аркылуу “ишеним телефону” эл каттоодон өтпөй калгандардын арыздарын кабыл алууну улантат.

Өкмөт республиканын калкын эл каттоого активдүү катышууга чакырат.