Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат

Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат.

“Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” багыты боюнча каттам жумасына 2 жолу, шаршемби жана ишемби күндөрү болот.

Ал эми “Москва-Бишкек-Москва” багыты боюнча каттам жумасына 3 жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарылат.