Токтогулда суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогулда суунун көлөмү көбөйүүдө. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 299 миллион куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 739 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 175 куб метрге жетүүдө. Эске салсак, бир жума мурун аталган суу… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы бир жылда дээрлик 2 пайызга өстү

Кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы бир жылда дээрлик 2 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын январь-февраль айларында орточо маяна 20 миң 163 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир айдагы орточо номиналдык эмгек акы 13 пайызга өстү. Ал эмип реалдуу айлык акы… Кененирээк…

Кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартуу тапшырылды

Каржы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алуусун каржылоону кыскартуу тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсе азайтуу менен учурдагы керектөөнү 50 пайызга кыскартып, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 миллион сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүн болот. Кошумчаласак,… Кененирээк…

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым унаалар «Кең-Булуңга» жөнөтүлүүдө

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым унаалар Токмоктогу «Кең-Булуңга» жөнөтүлүүдө. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурга карата аталган постто 300дөй чоң машине кезекте турат. Маалыматка ылайык, тыгындын себеби казак тараптын чек арачылары текшерүүнү өтө жай жүргүзүп жатканы менен байланыштуу. Белгилеп кетсек, чек… Кененирээк…

Бишкектеги Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды

Бишкектеги Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тиешелүү 12 жол белгиси бульвардын Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүнө орнотулду.   Муниципалитет айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырды.

Өлкө мектептеринде окуу жылы 8-июнда аяктайт

Өлкө мектептеринде окуу жылы 8-июнда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эске салсак, 2021-22-окуу жылы 15-сентябрда башталган.   Анда министрликтин адистери окуу жылынын тартиби боюнча түшүндүрмө берип, 8-июнда окуу жылы бүтөрү менен мамлекеттик экзамендер башталарын белгилешкен.   Экзамендер 1-июлда аяктап, күбөлүктөр 11-июлда тапшырылса, аттестат… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусунун себеби айтылды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусунун себеби айтылды. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурга карата “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде 300дөй чоң машине кезекте турат.   Бул казак тараптын чек арачылары текшерүүнү өтө жай жүргүзүп жатканына байланыштуу. 70 унаадан турган кезек “Чалдыбар” түйүнүндө дагы катталды.  … Кененирээк…

Кыргызстанда медициналык кызматкерлер үчүн дарылануу акысыз болушу мүмкүн

Кыргызстанда медициналык кызматкерлер үчүн дарылануу акысыз болушу мүмкүн. Коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорун Саламаттыкты сактоо министрлиги демилгеледи.   Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, дарыгерлердин маянасы башка бюджеттик кызматкерлердин айлыгына салыштырмалуу кыйла аз.   Алар камсыздандырылып, жеңилдетилген шартта дарылана алат. Буга карабай, медицина кызматкерлерин амбулатордук жана стационардык деңгээлде толук… Кененирээк…

АКШнын Флорида штатынын тургуну Гиннес рекорддор китебине кирди

АКШнын Флорида штатынын тургуну Гиннес рекорддор китебине кирди.   Ал “Жөргөмүш адам, үйгө жол жок” тасмасын 292 жолу көрдү. Марвелдин күйөрманы 16-декабрдан 15-мартка чейин бир эле кинотеатрга келип, жалпысынан 720 саатын бир тасмага жумшады.   Бул анын биринчи рекорду эмес. 2019-жылы ал “Өч алгычтар. Финал”… Кененирээк…

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кадимки режимде иштеп жатат

18-апрелге карата «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери штаттык режимде иштеп баштады. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан белгилешти.   Калаа башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүн линияга 280 көчө шыпыргыч, 99 жүк жүктөгүч жана 46 атайын техника чыкты. Андан тышкары катуу таштандыларды тазалоо үчүн 43 техника… Кененирээк…