Кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы бир жылда дээрлик 2 пайызга өстү

Кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы бир жылда дээрлик 2 пайызга өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын январь-февраль айларында орточо маяна 20 миң 163 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир айдагы орточо номиналдык эмгек акы 13 пайызга өстү.

Ал эмип реалдуу айлык акы эки айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.8 пайызга гана жогорулады.