«Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым унаалар «Кең-Булуңга» жөнөтүлүүдө

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги тыгындан улам айрым унаалар Токмоктогу «Кең-Булуңга» жөнөтүлүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурга карата аталган постто 300дөй чоң машине кезекте турат.

Маалыматка ылайык, тыгындын себеби казак тараптын чек арачылары текшерүүнү өтө жай жүргүзүп жатканы менен байланыштуу.

Белгилеп кетсек, чек арадагы тыгын маселеси өткөн жумада парламентте да көтөрүлгөн.

Бирок майнап чыга элек.