Кыргызстанда унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандарга айып жогорулатылды

Кыргызстанда унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандарга айып жогорулатылды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, атайын уруксат кагазы жок айнектерине тонировка чаптагандардын машинеси айып короого токтотулат.   Жеке жактарга 22 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат. Ал эми буга чейинки айыптын көлөмү 5 миң 500… Кененирээк…

Кара-Кечеде иштегендерге 50дөн ашык жаңы техника берилди

Президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүр кенине барып, 50дөн ашык техниканы кызматкерлерге тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Билдирүүгө ылайык, Жапаров бүгүн, 7-майда, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казып жаткан филиалына барып, HOWO үлгүсүндөгү 50 жүк ташуучу автоунаа жарым чиркегичтери менен,… Кененирээк…

Москвадан алып келинген «Эскерүү оту» Бишкекке өткөрүлүп берилди

Иш-чара Бүткүл россиялык элдик фронт тарабынан демилгеленген. Ири коомдук кыймылдын лидери президент Владимир Путин. Акция алты жылдан бери уюштурулуп келет, бул жылы биринчи жолу эл аралык масштабда өтүүдө. «Эскерүү отун» Бишкекке Россия Мамлекеттик думасынын депутаты, Бүткүл россиялык элдик фронтунун мүчөсү Александр Коган алып келди. «Бүгүнкү… Кененирээк…

Жалал-Абадда Жеңиш күнүнө карата веложүрүш өттү

Жалал-Абад шаарында 6-майда Жеңиш күнүнө карата веложүрүш өттү. Ага 300 адам катышканын мэриянын маалымат борбору билдирди.   4-майда Ош шаарында да эки миңдей киши катышкан веложүрүш өткөн.   Сергек жашоого үндөгөн бул иш-чараны мэрия «Мегаком» компаниясы менен чогуу уюштурган.

Алайда селден жабыркаган эки бейтап ооруканада

Алай районунун Корул айылында 3-майда катуу жаандан улам сел жүргөн. Бул табигый кырсыктан жабыркаган эки адам ушу тапта ооруканада дарыланып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Сел жүргөн айылдагы тогуз кош бойлуу аялдын бирөө көз жарды. Азыркы тапта ал Ош облустук ооруканасынын психолог, психиатр, невролог, көз… Кененирээк…