Алайда селден жабыркаган эки бейтап ооруканада

Алай районунун Корул айылында 3-майда катуу жаандан улам сел жүргөн. Бул табигый кырсыктан жабыркаган эки адам ушу тапта ооруканада дарыланып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Сел жүргөн айылдагы тогуз кош бойлуу аялдын бирөө көз жарды. Азыркы тапта ал Ош облустук ооруканасынын психолог, психиатр, невролог, көз догдурдан турган дарыгерлердин эки тобу табигый кырсык болгон айылдардагы элдин саламаттыгын текшерүүдө.

Министрлик аймактагы калкты дары-дармек жана “Тез жардам” унаасы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Президент Садыр Жапаров селден улам өлкө аймагында ондогон үй-бүлөдөн 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөнүн Фейсбукка жазып, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлө турганын айтты.

Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызгидромет борбору тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертүүдө.