Жалал-Абадда Жеңиш күнүнө карата веложүрүш өттү

Жалал-Абад шаарында 6-майда Жеңиш күнүнө карата веложүрүш өттү. Ага 300 адам катышканын мэриянын маалымат борбору билдирди.

 

4-майда Ош шаарында да эки миңдей киши катышкан веложүрүш өткөн.

 

Сергек жашоого үндөгөн бул иш-чараны мэрия «Мегаком» компаниясы менен чогуу уюштурган.