Кыргызстанда унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандарга айып жогорулатылды

Кыргызстанда унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатып алгандарга айып жогорулатылды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, атайын уруксат кагазы жок айнектерине тонировка чаптагандардын машинеси айып короого токтотулат.

 

Жеке жактарга 22 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салынат. Ал эми буга чейинки айыптын көлөмү 5 миң 500 сом болчу.

 

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Кыргызстанда унаалардын каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуу үчүн 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин төлөш керек.