Кара-Кечеде иштегендерге 50дөн ашык жаңы техника берилди

Президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүр кенине барып, 50дөн ашык техниканы кызматкерлерге тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

 

Билдирүүгө ылайык, Жапаров бүгүн, 7-майда, Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казып жаткан филиалына барып, HOWO үлгүсүндөгү 50 жүк ташуучу автоунаа жарым чиркегичтери менен, төрт жүктөгүчтүн ачкычтарын кызматкерлерге ыйгарды.
Техникаларды 245 миллион 573 миң 250 сомго «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы «Айыл банктан» лизинг менен алган.
Ал эми көмүрчүлөр күз-кыш мезгилинде көмүрдү керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин керектүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн жылына бир миллион тоннага жеткирүүнү пландашууда.