Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүр ташуунун баасын бекитти

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн жана көмүр ташуунун баасын бекитти. Novosti.kgге мекемеден такташкандай, Кыргызстандын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыз кылуучу компаниялар үчүн тариф 1 миң 360 сомдон 1 миң 500 сомго чейин деп бекитилди. Бирок кампаларга жеткирилгенден кийинки бааны ар бир ишкана өз… Кененирээк…

Австралиянын тургуну лотереядан 5,5 млн сом утуп, акчанын жарымын досуна берүүнү чечти

Австралиянын тургуну лотереядан 5,5 миллион сом утуп, акчанын жарымын досуна берүүнү чечти. Беш долларлык лотерея билетин ага 70 жылдык мааракесине карата досу белек кылган. Анда ал чоң утуш болсо каражатты бөлүшүүгө убада берген. Бактылуу адам акчанын калган бөлүгүн үйүн оңдоого жана жаңы унаа сатып алууга… Кененирээк…

«Санарип Аймак» дээрлик 500гө жакын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеп жатат

“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутуму дээрлик 500гө жакын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеп жатат. Өкмөттөн такташкандай, бул 452 айыл өкмөт жана 32 шаар мэриясын билдирет. Ал эми бул системага киргизилген “Аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспорту” функционалдык модулунун жыйынтыгында 220 миңге жакын паспорт түзүлдү. Алдыда… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул дем алыш күндөрү жаан жаап, бирок жылуу болот

Кыргызстанда ушул дем алыш күндөрү жаан жаап, бирок жылуу болот. Синоптиктер бүгүн жана эртең жамгыр жаайт деп божомолдошуда. Өлкөнүн Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарында жаан-чачын интенсивдүү болуп, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, мөндүр жаап, катуу шамал болушу күтүлүүдө.

Сокулук ГЭС-1 калыбына келтирилет

Сокулук ГЭС-1 калыбына келтирилет. Мындан дээрлик 30 жыл мурун иши токтоп калган гидроэлектростанцияны кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылайт. Фонддун маалыматына ылайык, эки жылга жетпеген убакытта жаңы имарат курулуп, ГЭС кайрадан электр энергиясын бере баштайт. Заманбап технологиялар менен реконструкциялоонун алкагында анын кубаттуулугу 3 мегаватка чейин жогорулайт. Жыл… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, COVID-19 илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов, Республикалык Эмдөө борборунун директору Г. Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы С. Сатарбековдор… Кененирээк…

Биология боюнча Эл аралык мелдеште 19 окуучу байгелүү орунга ээ болду

Кыргызстандык 138 окуучу Британиянын биология боюнча «Biology Challenge 2022» олимпиадасына катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган олимпиада 13-15 жаштагы окуучулардын арасында жаратылыш дүйнөсүнө болгон кызыгууну арттыруу жана мектеп программасынан тышкары биологияны изилдөөгө түрткү берүү максатында өткөрүлөт. Дүйнө боюнча… Кененирээк…

Токмокто чагылгандан окуучу кыз каза болду

Токмок шаарында чагылган түшүп, үч өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, окуя 2-июнда жергиликтүү мектептин жанында болгон. 13 жаштагы кыз ошол жерден каза болуп, дагы эки мектеп окуучусу — 17 жаштагы бала жана 13 жаштагы кыз Токмак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө… Кененирээк…

Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки кылмыш иши “опузалап пара алуу”, төрт кылмыш иши “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү”… Кененирээк…