Биология боюнча Эл аралык мелдеште 19 окуучу байгелүү орунга ээ болду

Кыргызстандык 138 окуучу Британиянын биология боюнча «Biology Challenge 2022» олимпиадасына катышты.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган олимпиада 13-15 жаштагы окуучулардын арасында жаратылыш дүйнөсүнө болгон кызыгууну арттыруу жана мектеп программасынан тышкары биологияны изилдөөгө түрткү берүү максатында өткөрүлөт.

Дүйнө боюнча 27 миңден ашуун окуучу катышкан сынакта кыргызстандык 19 окуучу алтын, күмүш жана коло сертификаттарга ээ болду.