Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат

Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 132-чакырымында таштарды кулатуу иштери аткарылат.   Буга байланыштуу 6-14-июнь аралыгында трасса эртең мененки саат 9 дан 3кө чейин жабылып турат. Жолду таштардан тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен… Кененирээк…

Пандемия учурунда басаңдап калган миграция көрсөткүчү кайра жакшырды

Пандемия учурунда басаңдап калган миграция көрсөткүчү кайра жакшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө Россияда эле 1 миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын басымдуусу пандемия учурунда өлкөгө кайтып келүүгө аргасыз болгон.   Бирок учурда абал… Кененирээк…

Россиянын кара тизмесиндеги кыргызстандыктарга миграциялык амнистияны күтүп, Россияга келбей туруу сунушталат

Россиянын кара тизмесиндеги кыргызстандыктарга миграциялык амнистияны күтүп, Россияга келбей туруу сунушталат. Аталган өлкөдөгү Кыргызстан элчилигинен билдиришкендей, бул маселе россиялык тарап менен мамлекет аралык деңгээлде талкууланып жатат.   Күтүлгөндөй, миграциялык амнистия боюнча расмий чечим жакынкы арада кабыл алынат.

Ысык-Көл облусунун милициясы бүгүн жайкы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Ысык-Көл облусунун милициясы бүгүн жайкы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, туристтик сезон ачылганына байланыштуу жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун  5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү көзөмөлдөйт.   Республиканын алыскы туристтик аймактарында калкты жана туристтерди тейлөөгө милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылат.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 3-июнда дагы ок атышуу болду. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.   Маалыматка ылайык, ок атышуу саат 12:00 чамасында Булак-Башы айылында орун алды. Анда эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине карата ок чыгарышкан. Кошумча маалымат берилет.

Жыл башынан бери тамак-аштан ууланып 200гө жакын жаран жабыркаган

Кыргызстанда жыл башынан бери тамак-аштан уулануу боюнча 51 учур катталып, 185 жаран жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Анын ичинен массалык уулануу боюнча 5 учур катталып, алардан 117 адам жабыркаган. Алар боюнча Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протоколдор түзүлүп, материалдар ИИМге өткөрүлүп берилди.

Бишкекте 300дөн ашык адамды кене чакты

Бишкектеги Санэпидкөзөмөл департаментине кене чаккан 312 адам кайрылды. Департаменттен билдиришкендей, анын ичинен 19у иммуноглобулин алышкан. Шаар тургундарынын арасында кене энцефалитинин беш учуру катталды. Бул — борбордук нерв системасынын жабыркашы менен коштолгон курч инфекциялык вирустук оору. Андан толук айыкса болот, ошондой эле майыптыкка жана өлүмгө алып… Кененирээк…

Адамды бакыттан ажырата турган адаттар аталды

Адамды бакыттан ажырата турган адаттар аталды. Адистердин айтымында, кеп маанайды бузуп, көп энергияны талап кылган учурлар жөнүндө болуп жатат. Мисалы, жумушта кечке чейин кармалуу бакытка тоскоол болот. Мындан адамдардын негизги көйгөйү, тактап айтканда, эс алуунун жоктугу келип чыгат. Өзүн жаман сезип же чарчаганды этибарга албай… Кененирээк…

Чүй облусунун Жайыл районунда 50 орундуу бала бакча ачылды

Чүй облусунун Жайыл районунда 50 орундуу бала бакча ачылды. Талды-Булак айыл аймагындагы мектепке чейинки мекеме Министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка фонддор тарабынан каржыланды. Бала-бакчанын курулушу “Айылды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Кыргызстанда жаан-чачындан жапа чеккен дыйкандарга колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда жаан-чачындан жапа чеккен дыйкандарга колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу бизге Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, фермерлерге социалдык төлөмдөр жана насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу аркылуу жардам берүү пландалууда. Ведомстводон белгилешкендей, сел жана суу ташкындарынан жапа чеккендердин басымдуу бөлүгү Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары.