Австралиянын тургуну лотереядан 5,5 млн сом утуп, акчанын жарымын досуна берүүнү чечти

Австралиянын тургуну лотереядан 5,5 миллион сом утуп, акчанын жарымын досуна берүүнү чечти.

Беш долларлык лотерея билетин ага 70 жылдык мааракесине карата досу белек кылган.

Анда ал чоң утуш болсо каражатты бөлүшүүгө убада берген.

Бактылуу адам акчанын калган бөлүгүн үйүн оңдоого жана жаңы унаа сатып алууга жумшай турганын билдирди.