«Санарип Аймак» дээрлик 500гө жакын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеп жатат

“Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутуму дээрлик 500гө жакын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеп жатат.

Өкмөттөн такташкандай, бул 452 айыл өкмөт жана 32 шаар мэриясын билдирет.

Ал эми бул системага киргизилген “Аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспорту” функционалдык модулунун жыйынтыгында 220 миңге жакын паспорт түзүлдү.

Алдыда “Санарип аймак” аркылуу кожолуктарды толтуруу, катталган тургундардын жана ал аркылуу берилген маалымкаттардын көрсөткүчтөрүн ушул жылдын август айына карата 75 пайызга чейин жеткирүү пландаштырылууда.