Токмокто чагылгандан окуучу кыз каза болду

Токмок шаарында чагылган түшүп, үч өспүрүм жабыркады.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 2-июнда жергиликтүү мектептин жанында болгон.

13 жаштагы кыз ошол жерден каза болуп, дагы эки мектеп окуучусу — 17 жаштагы бала жана 13 жаштагы кыз Токмак аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.