Бишкектин борбордук бөлүгү 1 айга газы жок калды

Бишкектин борбордук бөлүгү 1 айга газы жок калды. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 20-июлга чейин көгүлтүр от Осмонкул, Толстой, Бейшеналиева, Малышев, Баялинов, Жибек Жолу көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ куурларын алмаштыруу жана оңдоо иштерине байланыштуу.

Баткенде селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

Баткенде селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 18-июнда Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрүп, турак-жайлардын короо-жайын суу каптады.   Жалпысынан, 41 үй жабыркаган. Учурда министрликтин кызматкерлери тазалоо жүргүзүүдө. Селден улам шаарга өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин айтымында, учурга карата темир жолдун бир чакырымы салынып бүттү.   Жолдун жалпы узундугу 63 чакырымды түзөт. Буга чейин президент администрациясынан билдиришкендей, аталган темир жол 1-2 жылда Кочкорго… Кененирээк…

Президент Жумгал райондук сотунун судьясын кызматтан алды

Нарын облусунун Жумгал райондук соттун судьясы Ачылбек Арзиев кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Буга байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Судьялар кеңеши Башкы прокуратурага Арзиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) судья Ачылбек Арзиевге… Кененирээк…

Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербенин чагылдырган инсталляция пайда болду

Ош шаарында Улуу Жибек Жолунун кербенин чагылдырган инсталляция пайда болду. Мэрия маалыматына ылайык, 19 төөнүн, кербенчи, тайган, жылкылардын элеси берилген объект Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага коюлду.   Инсталляция көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулуп, аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери да ушул… Кененирээк…

Акжол Махмудов Европа чемпионуна жеңилип калды

Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Германияда өтүп жаткан Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Франк Штеблер менен коштошуу турниринде жеңилүү ызасын тартып калды.   Ал бул турнирде 2016-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байгеге ээ болгон германиялык Айзеле Паскаль аттуу балбан менен кез келип, 9:6 эсебинде жеңилип калды.   Турнир 18-20-июнь күндөрү Германиянын… Кененирээк…