Кыргыстанда 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат

  Кыргыстанда 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат. Билим берүү министрлигинен такташкандай, алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын окуучулары. Артыкчылык аттестатын ала тургандардын тизмеси менен төмөндө таанышса болот. Белгилеп кетсек, өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн 2 миң 232 бүтүрүүчү ат салышкан. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими тууралуу… Кененирээк…

Кыргызстан Интернет эң арзан 5 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү эң арзан мобилдик Интернетке ээ өлкөлөрдүн рейтингинде төртүнчү орунга чыкты. Мындай тыянакка келүүдө 169 өлкөдө Интернетке кирүүнүн сапаты, жеткиликтүүлүгү жана баасы изилденген. Ошол эле учурда Интернеттин жеткиликтүүлүгүнүн индексинде Кыргызстан болгону 116-орунда турат, республика интернетке туташуу ылдамдыгы боюнча да, баага салыштырмалуу кең тилкелүү кирүү… Кененирээк…

Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими алына элек

Кызыл-Кыяда өзгөчө кырдаал режими алына элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Учурга карата шаардагы 27 турак үй жана 4 социалдык объект сел калдыктарынан тазаланды. Тазалоо иштерине 100дөн ашуун куткаруучу жана жалпы 9 техника тартылып, калган жайларды калыбына келтирүү иштери уланууда. Келтирилген… Кененирээк…

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 7-июлда тапшырылат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 7-июлда тапшырылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, быйыл 11-классты 67 миңден ашуун окуучу аяктап жатат. Ал эми 9-класстын 106 миңден көп бүтүрүүчүсү бар. Аларга 5-июлда негизги жалпы билими тууралуу документ тапшырылат. Бүтүрүү кечелерине келсек, мектеп ичинде салтанаттуу иш-чарага… Кененирээк…

Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр дайындалды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Келсинбек Бектемиров дайындалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, тийешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон. Келсинбек Бектемиров 2002-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. Эмгек жолунда 2008-2014-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2013-2014-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы,… Кененирээк…

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадка аба каттамдар күн сайын аткарылат

1-июлдан тарта Бишкектен Жалал-Абадка аба каттамдар күн сайын аткарылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.   Аба майдандын басма-сөз кызматынан такташкандай, учурда ордо калаадан Жалал-Абадды көздөй учактар жумасына 3 жолу каттайт – дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү.

Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте бул жумада аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, температуранын кескин өзгөрүүсү күтүлбөйт – күндүз аба табы   +28 градустан +33 градуска чейин жылуу болот.   Бирок апта жаан-чачынга бай болот. Болгондо дагы күн тийип жатканда аба-ырайы кескин бузулуп, жаан жаап баштайт. Бейшемби, жума күндөрү күн… Кененирээк…

Өлкө мектептеринин башталгыч класстары толук кандуу түрдө ысык тамак менен 2023-жылга чейин камсыздалат

Өлкө мектептеринин башталгыч класстары толук кандуу түрдө ысык тамак менен 2023-жылга чейин камсыздалат. Буга Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова  ишендирүүдө.   Анын айтымында, 1-4-класстардын окуучуларынын жалпы саны  56 миңге чукул. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнөт. Алыскы жана бийик тоолуу… Кененирээк…

Чехияда температуралык рекорд катталды

Чехияда температуралык рекорд катталды. Соңку 300 жылда алгачкы жолу Прагадан алыс эмес жайгашкан Ржеж кыштагында аба табы 39 градуска чейин ысыды. ТАСС маалымдагандай, Чехиянын ордо калаасында жана анын аймагында “тропикалык түндөр” катталууда – түнкү убакта температура мамычалары 20 градустан төмөндөбөй жатат.   Синоптиктер мындай аба-ырайы… Кененирээк…

Ошто аз-камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ошто аз-камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей,   “Алтын балалык” санаторийинде 25 бала эс алат. 10 күн бою аларга медициналык, кайра калыбына келтирүү боюнча жардам көрсөтүлөт.   Жалпысынан бул жайда Ош мэриясы аталган эс алуу жайына 50 баланы жөнөтүү ниетинде.… Кененирээк…