Эртең, 21-июнда Ош шаарында VIII эл аралык йога күнү белгиленет.
Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо уюштурулат.
Саамалык саат 18:00дө башталат.
Белгилеп кетсек, дүйнөдө 21-июнь — эл аралык йога күнү белгиленип келет.