Бишкекте 300 автобус таштандыга кетет

Бишкекте 300 автобус таштандыга кетет.

Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, ордо калаадагы автотранспорт ишканасынын аймагын бошотуу үчүн эски автобустарды эсептен чыгаруу башталды.

Учурда бардык документтер муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө тапшырылган.

Автобустар аукциондо сатылабы же эсептен чыгарылабы атайын жыйында чечилет.

Белгиленгендей, мэриянын карамагында 476 автобус болсо, анын 85-100ү гана ишке жарактуу.

Ал эми Бишкек 1200-1500 автобуска муктаж.

Азыр 90 муниципалдык жана 100 жеке автобус, ошондой эле 130 троллейбус каттамда жүрөт.