Нарында салык декларациясын убагында тапшырбаган 310 кызматкерге айып салынды

Нарын облусунда бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айып салынды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларга карата “Укук бузуулар жөнүндөгү” кодекстин 438-беренесинин негизинде өндүрүш иштери козголуп, сот органдарына кароого жиберилген.

Анын негизинде административдик жоопкерчиликке тартуу менен аларга 930 миң сом айып пул салынды.