Быйыл мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат.
Маалыматты Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен тастыкташты.
Азыр ведомство министрлер кабинетинин расмий чечимин күтүп жатат.
Эске салсак, былтыр мектеп окуучулары жана студенттер 15-сентябрдан тарта окуй башташкан.
Кийин бул бир топ көйгөйлөрдү алып келгени айтылды.
Айрыкча, июнь айынын ысыгынан окуучулар чарчап, материалды өздөштүрө албай калганы белгиленди.