Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат

Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдиргендей, айыл чарба тармагындагы майда чарбаларды ирилештирүү каралып жатат.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинин алдындагы мамлекеттик 24 ишкана чыгаша менен күн көрүүдө.

Чиновник кошумчалагандай, киреше бербеген ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантында же убактылуу башкарууга берүү пландалып жатат.