“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, кредиттердин жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашты.
Бийлик бул каражат мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө бөлүнгөнүн белгиледи.
Мындан тышкары, каржылоону айыл чарбасында кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканалар алышууда.