“Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбай калды.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.
Мунун себеби жүргүнчүлөрдүн суроо-сунуштарына байланыштуу, — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аба майдандын аэродромунун элементтерин оңдоо иштери 2023-жылга жылдырылды.
Регулярдык каттамдар мурдагыдай эле, жумасына алты жолу график боюнча аткарылат.