Министрлер кабинети электр энергиясына «чексиз» тарифин бекитти

Министрлер кабинети керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына колдонуудагы тарифтерди сактап калды.

Ошол эле учурда электр энергиясына бир киловатт үчүн 5 сом 4 тыйындан жаңы тариф киргизилүүдө.

Ал электр энергиясын чектөөсүз колдонууну каалагандар үчүн болот.

Чексиз тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулат.

Бирок бул учурда керектөөчүлөр пайдаланган энергиянын бардык көлөмүн төлөшү керек жана 700 киловатт-саат керектөө нормасы колдонулбайт.