Москва-Ош-Москва багыты боюнча жаңы чартердик авиакаттам ачылды

Москва-Ош-Москва багыты боюнча жаңы чартердик авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан билдиришти. Россиялык авиакомпания каттамды жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткара баштайт. Учуу убактысы — 5 саат.

Бишкекте “Оймо” фестивалы башталды

Бишкекте «Оймо» эл аралык кол өнөрчүлөрдүн фестивалды расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Фестиваль мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде материалдык эмес маданий мурасты сактоонун жана Кыргызстандагы маданий туризмдин өнүгүүсүнүн үлгүсү болуп саналат. Эске салсак, фестивалдын алкагындагы көргөзмө Бишкек шаарында 28-31-июль… Кененирээк…

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Автандил Конгантиев дайындалды. Бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.  

Бишкекте абанын температурасы төмөндөйт

Бишкекте абанын температурасы төмөндөйт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, алдыдагы дем алыш күндөрү жана кийинки жуманын башында шаарда аба күндүз 30 градуска чейин гана жылышы күтүлүүдө. Түнкүсүн да таза жана салкын жел согуп, температура 18 градустан 20 градуска чейин нөлдөн жогору болот. Эртең, ишемби жана шейшемби, 2-август… Кененирээк…