Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Алдын ала маалыматтар боюнча Москвадагы хостелде чыккан өрттөн жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу 24 агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, кырсык болгон жерге Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери барган.

Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын жана өрттүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле каза болгондордун өздүгүн жана жарандыгын тактап жатышат. Белгилеп кетсек, 29-июлга караган түнү Москванын түштүк-чыгышындагы хостелде чыккан өрттөн сегиз мигрант каза болду.

Төртөө ооруканада.