Кыргызстанда жайкы энергияны керектөө боюнча рекорд катталды

Ушул аптада Кыргызстанда аномалдуу ысык аба ырайынан улам жайкы электр энергиясын керектөө энергосистема иштеген жылдардагы эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти. Рекорддук көрсөткүч 27-июлда катталып, 35 миллион 353 миң киловатт-саатты түздү. Жалпысынан июль айында орточо суткалык керектөө 34 миллион 300… Кененирээк…

Кытайда абада жаза турган калем сап пайда болду

Кытайда абада жаза турган калем сап пайда болду. Инновациялык аппарат өтө кыска лазердик импульстарды колдонот. Алар адамдын көзүнө көрүнгөн символдорду калтырышат. Окумуштуулар жаңы аппаратты ар кандай алдыңкы технологияларда – кванттык эсептөөдө жана мээни визуализациялоо процессинде колдонууну пландап жатышканын белгилешти.

Кыргызстанда “40 райондон – 40 демилге” долбоору башталат

Кыргызстанда “40 райондон – 40 демилге” долбоору башталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды. Долбоор өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталат. Анын алкагында республикалык бюджеттен 1 миллион сомго чейин бөлүнмөй… Кененирээк…

Джонни Депп өзүнүн сүрөттөрүн сатуу менен кыйла көп каражат тапты

Белгилүү актёр Джонни Депп өзүнүн дебюттук сүрөттөр коллекциясын сатуудан дээрлик 3 миллион фунт стерлинг киреше тапты. Би-Би-Синин маалыматы боюнча, Инстаграмда аукцион жарыялангандан бир нече саат ичинде эле Депп 780 картинасын саткан. Сүрөттөрдүн арасында “Достор жана баатырлар” коллекциясындагы эмгектер бар. Актёр анда ага дем берген адамдардын… Кененирээк…

Кыргызстан август айында 100 миң 620 доза Pfizer вакцинасын алат

Кыргызстан август айында 100 миң 620 доза Pfizer вакцинасын алат. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Дары COVAX механизми боюнча жеткирилет. Белгиленгендей, Pfizer негизинен Европа өлкөлөрүнө чыккан адамдар үчүн талап кылынат. Ал эми азыр жарандарга Sinopharm вакцинасы жеткиликтүү.

Ысык-Көлдө пирстен секирип жабыркагандардын саны өсүүдө

  Ысык-Көлдө пирстен секирип жабыркагандардын саны өсүүдө. Улуттук госпиталдан билдиришкендей, бир жуманын ичинде моюн омурткалары сынган беш бейтап кайрылды. Алар 14 жаштан 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар. Дарыгерлердин айтымында, мындай жаракаттар өмүргө өтө коркунучтуу. Мындан улам, адистер эс алуучуларды башы менен сууга секирбөөгө чакырат.

Алты айда мамлекеттик ишканалардын кирешеси 1 млрд сомдон ашты

Ушул жылдын алты айында мамлекеттик ишканалардын кирешеси 1 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, мамлекет катышкан акционердик коомдордун кирешеси 6 миллиард 500 миллион сомдон көп болду. Киреше активдүү иштеп жаткан 20 компаниядан түштү. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан… Кененирээк…

Бир жумада доллар 1,5 сомго кымбаттады

Дээрлик эки аптага созулган туруктуу курстан кийин доллардын куну 1,5 сомго кымбаттады. Азыр акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктар АКШ валютасын орто эсеп менен 83 сом 50 тыйындан сатып алып, 84 сом 50 тыйынга сатышууда. Акыркы 24 сааттын ичинде эле көрсөткүч 50 тыйынга өстү. Ошол… Кененирээк…

Ак-Талаа районунда ири суу сактагыч куруу пландалууда

Ак-Талаа районунда ири суу сактагыч куруу пландалууда. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, суу сактагыч курулса, райондогу 2 миң гектар аянт сугат суу менен камсыздалып, 3 миң гектар аянтка суу берүү жакшыртылат. Учурда Суу чарба башкармалыгына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо тапшырылды. Белгилеп кетсек, долбоордун жалпы суммасы… Кененирээк…

Балыкчыда ун чыгаруучу ишкана ачылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ун чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын алкагында жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1 жана 2-сорттогу ун чыгарылат.