Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөр жеңилдетилген насыя ала алат

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөр жеңилдетилген насыя ала алат. Кыргызстандын сүт тармагын өнүктүрүү максатында тиешелүү долбоорду Каржы министрлиги иштеп чыкты.   Ведомство маалыматына ылайык, программа ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүүгө жана муну менен сүт өндүрүмүн жакшыртууга багытталат. Айыл товар өндүрүүчүлөрүнө 500 миң сомго чейин, ал эми фермердик… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Тиешелүү токтом долбоорду министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.   Маалыматка ылайык, пенсияны 50 пайызга көтөрүү үчүн жалпысынан 3 миллиард 83 миллион сом талап кылынат.   Соңку маалымат боюнча, өлкөдөгү пенсионерлердин жалпы саны 670 миңден ашат. Социалдык фонддон билдиришкендей, жогорулатуудан кийинки… Кененирээк…

Бишкекте буга чейин ата-энелер колдоп чыккан №61 мектептин директору Юрий Низовский кармалды

Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.   Билдирүүгө ылайык, мектепте Юрий Низовский тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен акча алып турган. «Ал баланы биринчи класска киргизүүгө жардам берген үчүн бир нече жолу акча алган. Ошентип Низовский системдүү түрдө ата-энелерден опузалап… Кененирээк…

Стилисттер бардык курактагы адамдарга жарашыктуу кийимдерди аташты

Стилисттер бардык курактагы адамдарга жарашыктуу кийимдерди аташты. Эксперттердин пикиринде, биринчи орунда оверсайз костюм-шым турат. Аны кроссовки менен дагы, туфли менен дагы кийсе болот.   Андан тышкары, бул тизмеге ак көйнөк, кардиган жана боз тренч кирди. Бели жогору жайгашкан джинсы шымдар дагы универсалдуу болуп эсептелет. Аталган… Кененирээк…

Ошто жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Ошто жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, объект “Амир-Тимур” аймагында пайда болот. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага чакталат.   Курулуш иштери жыл аягына чейин аяктайт деп пландалууда. Андан кийин бакча бөбөктөрдү кабыл алып баштайт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Чектөөлөр бүгүн эртең мененки саат 9дан күндүзгү 1ге чейин киргизилет.   Бул жаңы терминалга көчүүгө байланыштуу. Аталган чек ара түйүнүнөн өтүүнү пландап жаткан айдоочуларга жана жарандарга бул чектөөлөрдү эске… Кененирээк…

Валютаны чечүүдө кайсы учурда комиссия алына турганын Улуттук банктан түшүндүрүштү

Валютаны чечүүдө кайсы учурда комиссия алына турганын Улуттук банктан түшүндүрүштү. Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Сейтек Чалбаевдин айтымында, эгер аманат эсеби накталай акча менен ачылса, анда кардар аны кайра чечип жатканда комиссия алынбайт.   Эгер депозит накталай эмес түрдө толукталып турса, анда банктын тарифи менен акчаны… Кененирээк…