Валютаны чечүүдө кайсы учурда комиссия алына турганын Улуттук банктан түшүндүрүштү

Валютаны чечүүдө кайсы учурда комиссия алына турганын Улуттук банктан түшүндүрүштү. Банктык көзөмөл башкармалыгынын начальниги Сейтек Чалбаевдин айтымында, эгер аманат эсеби накталай акча менен ачылса, анда кардар аны кайра чечип жатканда комиссия алынбайт.

 

Эгер депозит накталай эмес түрдө толукталып турса, анда банктын тарифи менен акчаны чечүүдө комиссия алынат.

 

Эске салсак, буга чейин банктар акча чечүүдө комиссия алып жаткандыгына даттануулар түшкөн.