Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Чектөөлөр бүгүн эртең мененки саат 9дан күндүзгү 1ге чейин киргизилет.

 

Бул жаңы терминалга көчүүгө байланыштуу. Аталган чек ара түйүнүнөн өтүүнү пландап жаткан айдоочуларга жана жарандарга бул чектөөлөрдү эске алуу сунушталат.