Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөр жеңилдетилген насыя ала алат

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөр жеңилдетилген насыя ала алат. Кыргызстандын сүт тармагын өнүктүрүү максатында тиешелүү долбоорду Каржы министрлиги иштеп чыкты.

 

Ведомство маалыматына ылайык, программа ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүүгө жана муну менен сүт өндүрүмүн жакшыртууга багытталат. Айыл товар өндүрүүчүлөрүнө 500 миң сомго чейин, ал эми фермердик чарбачылыктарга   1 миллион сомго чейин кредит берилет.

 

Насыянын жылдык үстөгү 6 пайызды түзөт.