Англия тургуну Кейт Джейден дүйнөлүк рекорд орнотту. Ал 106 күн катары менен 106 марафон чуркап өттү. Аял өткөн жылдын 31-декабрында күн сайын 42 чакырымдан чуркап баштап, бул марафонун 2022-жылдын 15-апрелинде жыйынтыктады.
Джейдендин айтымында, ал дайыма чуркап турат, марафон, ультрамарафондорго байма-бай катышат.