Россия өкмөтү Жалал-Абадда орус тилдүү мектеп курат

Россия өкмөтү Жалал-Абадда орус тилдүү мектеп курат.

 

Анда 1 миң 200 окуучу билим ала алат. Биздин бийлик бул максатта 2,5 гектар жер бөлүп берди. Бирок Россиядан келген адистер мектеп имараты, эки спорт зал, эки бассейн жана жатакана үчүн 3 гектар жер тилкеси талап кылына турганын билдиришти. Андан тышкары, алар аянтка электр энергиясын, суу жана интернет өткөрүп берүүнү суранды.

 

Эгер бул маселелердин бардыгы өз учурунда чечилсе, мектетин курулушу ушул жылы башталып, кийинки жылы аяктайт.