Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн айрым тилкелери бир тараптуу болот. Тиешелүү чечимди мэрия кабыл алды.
Ага ылайык, Унаалар Шопоков көчөсүнүн Киев – Чүй, Панфилов көчөсүнүн Киев – Чүй, Логвиненко көчөсүнүн Киев – Чүй тилкелеринин бир жагынан гана жүрө алат.
Жакынкы арада тиешелүү жол белгилери орнотулат. Мындай чаралар жол коопсуздугун камсыздоо, унаа тыгындарын азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында көрүлүүдө.