“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каржылык колдоо өлкөнүн бардык аймактарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгууга, жеке ишкерлик баштоого 100 миң сомдон берилет. Бул үчүн алар кадимкидей бизнес-план түзүшү керек.