Кезектеги алтын! ыргызстандык спортчу Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча алтын медаль тагынды

Кезектеги алтын! Кыргызстандык спортчу Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча алтын медаль тагынды.   Ал финалда Азербайжандан келген спортчуну 15:11 эсебинде жеңип алды.   Жалпысынан Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында Кыргызстандын капчыгына 20 медаль чогулду. Анын ичинен Петровдун жеңиши улуттук командага жетинчи алтын байгени… Кененирээк…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 202 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 202 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү.   Ведомство маалыматына ылайык, балдар “Улан”  ден соолукту чыңдоо борборунда 10 күн эс алышат.   Арасында Талас, Нарын, Чүй облустарынан жана Бишкектен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Бишкекте мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери дээрлик аяктап калды

Бишкекте мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери дээрлик аяктап калды.   Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Жалпысынан 48 билим берүү объектисин калыбына келтирүүгө 38 миллион сом каралган.   Учурга карата жумуштар жыйынтыкталып, мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр. Эске салсак, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат.

Кытайда коронавирустан дары ойлоп табышты

Кытайда коронавирустан дары ойлоп табышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкендей, “Азвудин” препараты вирустун жаңы толкуну катталган Хайнань аралында сатылып баштады.   Дары жеңил форма менен ооруган чоңдорго ылайыкталат. Кытай бийлиги препаратты сынап, жыйынтыгында коронавирусту дарылоочу тизмеге расмий түрдө каттады.

Ислам шериктештиги оюндарынын күндөлүгүнөн: Бакдөөлөт Расулбеков кол медалга ээ болду

Ислам шериктештиги оюндарынын күндөлүгүнөн: Бакдөөлөт Расулбеков кол медалга ээ болду. Оор атлетчи алгач жулкуп көтөрүүдө 169 килограмм, түртүп көтөрүүдө 216 килограмм салмакты көтөрүп, жалпы 385 килограмм салмак менен Ислам шериктештиги оюндарында 3-орунду ээледи.   Буга чейин спорттун бул түрүнөн 89 килограмм салмактагылар арасында Эмил Молдодосов күмүш,… Кененирээк…

Мектеп окуучуларынын формасы тууралуу талаптар бекитилди

Мектеп окуучуларынын формасы тууралуу талаптар бекитилди. Билим берүү министрлигинин талабына ылайык, мектеп формасы классикалык кийим болушу керек жана аба ырайына, окуу сабактары өткөн жерге, бөлмөнүн температурасына жараша болот.   Аз камсыз катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз.   Алар балдарын үстү ачык,… Кененирээк…

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту президенттин карамагына өттү

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту президенттин карамагына өттү. Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.   Маалыматта “институттун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Министрлер кабинетинин карамагынан чыгарылып, эми президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту мекемеси болуп аталсын” деп айтылат.   Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту өлкөдө стратегиялык… Кененирээк…