Бишкекте мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери дээрлик аяктап калды

Бишкекте мектептерди жаңы окуу жылына карата даярдоо иштери дээрлик аяктап калды.

 

Бул тууралуу мэрия маалымдайт. Жалпысынан 48 билим берүү объектисин калыбына келтирүүгө 38 миллион сом каралган.

 

Учурга карата жумуштар жыйынтыкталып, мектептер окуучуларды кабыл алууга даяр. Эске салсак, быйыл Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат.