Мектеп окуучуларынын формасы тууралуу талаптар бекитилди

Мектеп окуучуларынын формасы тууралуу талаптар бекитилди. Билим берүү министрлигинин талабына ылайык, мектеп формасы классикалык кийим болушу керек жана аба ырайына, окуу сабактары өткөн жерге, бөлмөнүн температурасына жараша болот.

 

Аз камсыз катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз.

 

Алар балдарын үстү ачык, асты кара түстөгү форма менен камсыздаса жетиштүү, — дешти министрликтен.