Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 202 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү.
Ведомство маалыматына ылайык, балдар “Улан” ден соолукту чыңдоо борборунда 10 күн эс алышат.
Арасында Талас, Нарын, Чүй облустарынан жана Бишкектен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары бар.