Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту президенттин карамагына өттү

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту президенттин карамагына өттү. Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

 

Маалыматта “институттун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Министрлер кабинетинин карамагынан чыгарылып, эми президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту мекемеси болуп аталсын” деп айтылат.

 

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту өлкөдө стратегиялык талдоо жана анализ менен алектенчү мамлекеттик орган.