Кезектеги алтын! ыргызстандык спортчу Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча алтын медаль тагынды

Кезектеги алтын! Кыргызстандык спортчу Роман Петров Ислам шериктештиги оюндарында фехтование боюнча алтын медаль тагынды.

 

Ал финалда Азербайжандан келген спортчуну 15:11 эсебинде жеңип алды.

 

Жалпысынан Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында Кыргызстандын капчыгына 20 медаль чогулду. Анын ичинен Петровдун жеңиши улуттук командага жетинчи алтын байгени алып келди. Андан башка алты күмүш, жети коло бар.